Биз менен байланышыңыз

Польшанын президенти Дуда НАТОнун каражатын көбөйтүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 263 | 0

Польшанын президенти Анжей Дуда дүйшөмбү күнү НАТО орус агрессиясынын кезектеги бутасы болуп калбашы үчүн коргонуу чыгымдарын тез арада көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу CNBC телеканалы маалымат таратты.

Дуда Москва жакынкы жылдарда альянска чабуул коюуга даяр болушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам НАТОнун чыгашаларын ар бир мүчө өлкөнүн ИДП көлөмүнөн 3%га чейин көбөйтүү чакырыгын кайталады.

Бүгүнкү күндө Польша ички дүң өнүмдүн 4%ын коргонууга жумшайт.

Украина менен кургактыктан чектешкен Польша Орусиянын Украинага кол салуусу башталгандан бери Киевге курал-жарак жеткирүү боюнча чакырыктарды көтөрүп келет.

Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушууда Дуда НАТОнун  коргонуу жөндөмүн мындан ары жакшыртуу үчүн аскерий чыгымдарды ИДПнын 3%дык деңгээлине чейин көтөрүүгө чакырган.

Альянска мүчө болгон 18 мамлекет учурда ИДП көлөмүнүн 2%ын каржылоого жумшоону көздөп жатышат. Ушул айдын башында Швеция трансатлантикалык аскердик альянстын 32-мүчөсү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM