Биз менен байланышыңыз

Алагөзов: Мамлекеттик иш-чаралар үчүн башкалардан акча сурабайбыз

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 175 | 0

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов телефон алдамчыларынан сак болууга чакырган билдирүү жарыялады.

Алагөзовдун айтымында, мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча сурап жатышканын маданият кызматкерлери билдиришкен.

«Президенттин администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса, алдамчылар деп билиңиздер. Мамлекеттик кызматкерлер Президенттин атынанбы, Министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт», — деди маалымат катчы.

Ошондой эле бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү иретинде акча чогултууну сунуштаса, тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды. Аны менен катар ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боёмочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралганын эскертип өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM