Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алдында турат

Билим-маданият , Коом | 15 Мар 2024 | 1125 | 0

Кыргызстанда мектептерди 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү маселеси кайра талкууда. Билим берүү жана илим министрлиги даярдоо классын кошуп эсептегенде, окуучулардын убактысы кетпей турганын айтууда. Ошондой эле 9-класстан кийинки билим алуу тандоого жараша болорун кошумчалаган. Ал эми адистер билим берүү тармагы жалпы эле реформага муктаж экенин, мындан улам дыкат карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Жанбейишованын төрт баласы мектепте окуйт. Ал билим берүү системасын өзгөртүүнү колдойт. Бирок ишке аша турган системанын сапаттуу болуусу кажет деп эсептейт. Себеби азыр мектептерде мугалимдердин , китептин жетишсиздиги өңдүү бир топ көйгөйлөр бар.

«Балдарыбыздын окууну бүткөндөн кийин бир кесипке ээ болгону — келечек үчүн абдан жакшы. Жок дегенде айдоочу күбөлүк алып алса… Бирок, жаңы системанын сапатына көңүл буруу керек. Мисалы, азыр биздин балдар окуп жаткан мектепте мугалимдер жетишпейт. Алардын аркасынан балдар, физика, чийүү сабактарын окубай калышты. Он эки жылдык система деп эле киргизип койсо, анан мурункудай улана берсе туура эмес. Биринчи шарт түзүп,анан ишке киргизүү керек деп ойлойм».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиевдин айтымында, 12 жылдык билим берүү системасында, балдар атайын баскычтар менен билим алат. 6-класска чейин  башталгыч окуу деңгээли деп аталат, андан соң 7-9 класска чейин үч жыл окуйт. Кийинки үч жылда окуучу өзү тандаган багытта кесиптик билим алып, дипломго ээ болот. Мектепти аяктаган соң ишке орношсо болот же андан ары билимин уланта алат. 12 жылдык окуу системасы качан киргизилери азырынча белгисиз.

«12 жылдык билим берүү системасында балдарды 9- класстан кийин, окуучу өзү көздөгөн кесипке багыттап окутууну көздөп жатабыз. Чет өлкөлүк практиканы пайдаланып, жалпы орто билим берүүнүн мазмунун өзгөртөлү деп жатабыз. Биз ишенип турабыз, бул системаны орноткого күчүбүз жетет. Предметтик стандарттардын үстүнөн авторлор иштеп жатат. Май айынан баштап, китептердин мазмунун акырындан колдонуп көргөнгө өтөбүз. Биз өзгөрүүдөн коркпошубуз керек».

Көз карандысыз эксперт Мырза Каримов 12 жылдык билим берүү системасын колдойт. Бирок методика өзгөрбөсө, билим берүүнүн сапаты жакшырбасын белгилейт.

«Көп балдарыбыз, кесиптик билим албай, миграцияга кетип жатат. Балдардын диплом алганы жакшы. Балдардын 6 жаштан мектепке киргенин колдойм. Анткени, жашы мурункудай 11-классты бүткөндөй эле болот. Нөлүнчү класс менен 12 жыл окууну колдобойм. Анткени окуу программаны абдан дыкат талдап чыгуу керек. Бизде балдарды окутууда жалпы эле көңүл бурулат. Негизи балдардын өзгөчөлүгүнө жараша окутуу керек. Мисалы, бир бала бир күндө кабыл алганды экинчи бала эки-үч күндө кабыл алышы мүмкүн. Билим берүүдөгү методиканы өзгөртмөйүнчө 12 жылдык окуу системасына өткөндө деле сапат оңолбойт. Мугалимдердин билимин, сабак өтүү методикасын өзгөртүү керек. Мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн ЖОЖдогу билим берүү сапатына көңүл бөлүшүбүз керек.Себеби, атайын гранттар мектепке эле бөлүнүп, ЖОЖдор унутулуп калган. ЖОЖдон студенттер мурунку методика менен үйрөнүп чыгып жатса, билим берүүнүн сапаты эч качан өзгөртпөйт. Билим берүү методикасын өзгөртүүгө жеке эле чет жерден көчүрө бербей, кыргыздын улуттук каадасын, уңгусун эске алып өзүбүзгө ылайыкташыбыз зарыл».

Өлкө башчы Садыр Жапаров  мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин билдирди. Бул тууралуу президент билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен жолгушусунда айткан.

Жолугушунун алкагында, презиндент нөлүнчү класс жоюлуп, биринчи класстан баштап окуса, айырма деле жок экенин айтып, колдоорун белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM