Биз менен байланышыңыз

Туманбаев футбол стадионунун долбоору даярдалганын билдирди

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 181 | 0

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкекте 45 миң орундуу футбол стадиондун долбоорлоо иши чет элдик компаниялар менен даярдалганын кабарлады.

Ал фейсбуктагы баракчасына жазгандай, стадиондун архитектуралык дизайны улуттук наркка ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралат.

Каныбек Туманбаев жакынкы күндөрү курулуш иштери башталарын жана долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев көзөмөлүнө алганын кошумчалады.

Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөрүн февраль айында Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиев билдирген.

Президент былтыр 30-августта Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салган.

Бишкектин четиндеги стадиондун курулушу эки жылда аяктайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM