Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамп менен Байден партиялардын праймеризинде жеңишке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 257 | 0
Трамп менен Байден 2020-жылдагы президенттик шайлоодогу дебат учурунда

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен азыркы президенти Жо Байден “Республикалык” жана “Демократиялык” партиялардын праймеризинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттарына таянып BBC орус кызматы жазды.

Трамп менен Байден жакында өз партиялары тарабынан АКШнын президенттигине расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлөт.

BBC 2024-жылдагы президенттик шайлоо 2020-жылдагы шайлоо кампаниясындай эле өтөрүн жазат.

“Республикачылар» үчүн талапкер көрсөтүү күрөшү кыйла олуттуу болду, бирок Трамп өнөктүктүн башынан эле чоң артыкчылыкка ээ болгон жана анын атаандашы, АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейлинин талапкерлигин жеңүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болчу.

12-мартта “республикачылардын” праймериздери Жоржия, Гавайи, Миссисипи жана Вашингтон штаттарында өттү.

Никки Хейли утулуп. жарыштан чыккандан кийин, Трампка 137 делегат жетпей калган. ABC News билдиргендей, экс-президент Вашингтондогу жеңишинен кийин керектүү добуштарды алды.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM