Биз менен байланышыңыз

Финсабатка саякат: Каржылык көндүмдөрдү кантип калыптандыруу керек?

Блог , Экономика | 12 Мар 2024 | 1262 | 0

Өлкөдө атайын курстар көп экенине карабастан, калктын каржылык сабаты толук жоюлбай келет. Улуттук банк өлкөдө каржылык чечимдерди туура кабыл алуу, сабаттуулукту жогорулатуу жана каражат топтоо маданиятын калыптандыруу максатында жыл сайын көптөгөн иш-чараларды уюштуруп келет.

Ал эми адистер акчаны туура пайдаланууну мектеп курагынан баштоо керектигин айтышат. Өнүгүү машыктыруучулары окутуу курстарына баруу акчаны туура пайдаланууга жардам берерин, ал үчүн окутуу мекемесин жана машыктыруучуну туура тандоо керектигин айтышат.

Каржылык көндүмдөрдү кантип калыптандыруу керек? Каржылык сабатты калыптандырууда курстар, окутуулар канчалык жардам берет?

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда тажрыйба керек экенин айтат.

Ал алгач теориялык билим алып, андан кийин аны калыптандыруу үчүн практика жүзүндө ишке ашыруу туура болорун белгиледи.

«Каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда практика абдан чоң роль ойнойт. Анткени каржылык сабат билим алуу аркылуу жогорулайт. Ошондуктан билимди алуу гана эмес, аны практикада колдонуу, жашоого сиңирүү да маанилүү. Анткени ал билим ошондо пайдалуу болот. Дагы бир маанилүү нерсе бар: билимди колдонууда адамдын өзү менен өзү иштегени, ой жүгүртүүсүн тууралап алганы жакшыраак болот. Кээ бир учурларда адамдар көп акча жакшы эмес деп ойлошот. «Акча адамды бузат» деген сыяктуу ойлор болушу мүмкүн. Мындай ойлор адамдардын каржылык чечимдерди кабыл алышына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошол эле учурда адам өзүнүн жашоосуна өзү жоопкерчилик алып жатабы же өзүнө канчалык ишеними бар деген сыяктуу суроолор менен ой жүгүртүүсүн өзгөртсө, бул да каржылык көндүмдөрдүн калыптануусуна жардам берет. Булар туура чечим кабыл алууга да көмөк көрсөтөт».

Каржылык сабатсыздыктын кесепетинен алданып калгандар, мүлкүнөн айрылып калгандар байма-бай кездешип келет. Андыктан адистер адамдын каржылык сабатын жоюу үчүн кичинесинен үйрөткөн туура болорун белгилешет. Ал үчүн ата-эне балдары менен каражат кайдан келерин, акчаны кантип таап, үй-бүлөнү кантип камсыздап жатышканын ачык сүйлөшүп, кээде ишине алып барып көргөзүп, бул жаатта үй-бүлөлүк талкуу уюштуруп турушу керек.

Каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда кандай ыкмаларга таянса болот?

«Тажрыйбалык мисалдарын айтса кетсек, каржылык сабатты калыптандырууда алгач адам туура ой жүгүртүп, туура чечим кабыл алышы керек. Үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзүүдөн баштап өзгөртсө болот. Учурда компьютердик программаларды же кадимки дептерди, мобилдик тиркемелерди колдонуп, киреше жана чыгаша булактарын жазып туруу керек. Ар бир чыгашаны жок дегенде жарым жылдай жазып турса, ал адатка айланып калат. Кийин аны автоматтык түрдө эле эсептеп коюшу мүмкүн. Бул ыкма башында абдан керек болот. Чыгашаны жазып, аны анализдөө керек. Мисалы, кээ бир учурларда бааларды да салыштырганга ушул ыкма жардам берет. Бир дүкөндөн кандайдыр бир товар аласыз, аны жазып жүрөсүз. Ошол эле товарды андан арзаныраак жерден алышыңыз мүмкүн. Салыштырып көрөсүз. Бул бюджетиңизге да пайда болот. Акчаны канчалык үнөмдөп сактап калсак, аны эмгек аркылуу иштеп таап алгандай көрсөк болот. Орустардын «Сохранил, значит заработал» деген сөзү сыяктуу».

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда инфляцияны эске алуу керектигин айтат.

Дагы бир мисалды карасак, каржылык сабаттын алкагында инфляция да каралат. Бул боюнча биздин сайтта макалалар, видеороликтер бар. Инфляция көп өлкөлөрдө болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Адамдар инфляциянын бар экенин, анын өлчөмүн билгендиктен тапкан кирешесин үйдө кармап коюу туура эмес болуп калышы мүмкүн. Анткени бул жылы 100 сомго ала турган нерсе кийинки жылы кымбаттап кетип, ал акчага сатып ала албай калышы мүмкүн. Ошондуктан каржылык сабат боюнча билим алгандыктан каржылык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн адам аракеттениши керек. Ислам принциптери менен иштеген каржы мекемелери да бар. Киреше табуу, инфляциядан сактоо максатында да ал акчаны депозитке салса туура болот. Каржылык кесепетин билип, аракет жасоо каржылык сабатты калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда автоматтык түрдө жардам берүүчү ыкмаларды колдонсо болот.

Каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда дүйнөдө автоматтык түрдө жардам берүүчү ыкмалар бар. Ошолорду да колдонсо болот. Мисалы, айлыгыңыз карточкага түшсө, анын 70-80 пайызын бир эсепке, 20-30 пайызын каражат топтоо үчүн ачылган эсепке которууну автоматтык түрдө түшө тургандай кылып, бухгалтериядан талап кылсаңыз болот. Ушундай ыкманы да колдонсо болот.

Каржылык сабатты калыптандырууда курстар, тренингдер, окутуулар канчалык жардам берет?

Каржылык сабаттуулукту калыптандырууда ар кандай окутуулар, тренингдер, курстар да жардам берет. Ар бир тренер менен иштеп жатканда же топ менен иштешип жатканда башка адамдардын ой жүгүртүүсүн, тажрыйбасын көрүп, адамда жакшы ойлор, өзгөрүүлөр пайда болот. Биздин каржылык сабат боюнча тренингдерибиз алгач беш күн болчу. Кийин адамдардын убактысы тартыш болгондуктан, эки күндүк окутуулар иштелип чыккан. Акыркы жылдары Улуттук банк жарандар үчүн да ыңгайлуу болушу үчүн бир күндүк-жарым күндүк тренингдерди иштеп чыкканбыз. Окутуулар өнөктөштөр менен чогуу иштелип чыкты. Жылына 50дөн ашык окутуу, айрыкча аймактарга жайылтуу пландалат. Миңден ашык катышуучу болот. Биз тренингге чейин, андан кийин сурамжылоо өткөрөбүз. Жыйынтыгы жакшы болот. Жарым күндүк тренинг да адамга жакшы таасир берет экен. Себеби адам ойлобогон нерселерин тренингде жаңыча, башкача түшүнөт. Ал жактан жакшы шыктандыруучу кеңештерди алат. Негизинен эле мындай окутуулар өзүн өнүктүрүүгө да кирет. Каржылык сабат — XXI кылымга керек болгон жашоо көндүмү. Бул дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган. Ошондуктан бул нерсе баарыбызга керек. Теориялык жана практикалык көндүмдөр да керек. Мындан кийин адамдар дароо эле каржылык чечимдерди кабыл алганга даяр болот.

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү берилген насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө колдонот. Расмий маалыматтарга ылайык, ар бир экинчи алынган насыя буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Кыргызстанда керектөө насыяларын той-топур өткөрүү үчүн алгандар да көп.

Адистер керектөө насыясынын өсүшүнө калктын каржылык жактан сабатсыздыгын, акчаны туура эмес пайдаланышын жүйө келтиришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM