Дүйнөдөгү эң ири экологиялык апаат деп эсептелген Арал деңизинин 6 млн гектар жери шорго айланып кеткен. анын 2,8 млн гектары Казакстанга таандык. Казакстан менен Өзбекстан бул экологиялык апааттын кесепеттерин жоюу максатында биргеликте иш алып барууда.
Казакстан Арал деңизинин кургап кеткен аймактарына интенсивдүү багытта сөксөөл отургузуп келет. Эгемендикти алгандан бери 900 миң гектар майданга сөксөөлдүн көчөттөрү отургузулган. Эми бул аянтты 1,5 млн гектарга жеткирүүнү көздөп жатат. Ал үчүн казак бийлиги токой чарба департаментине ири суммада каражат бөлөт. Буга чейин сөксөөлдөрдүн көчөтүн өндүрүү максатында атайын күнөскана ишке кирген. Ал 1 миллионго чукул көчөт өндүргөн. Эми бул күнөскана дагы кеңейтиле турганы айтылды.
Арал деңизинин шорго айланган аймактарына эң чыдамдуу өсүмдүк катары сөксөөл жана кара жалбырак өсүмдүктөрү тандалып алынган. Бул микро аба ырайын жакшыртып, натыйжада жер кыртышынын өнүмдүүлүгүн жогорулатат.