Кыргызстандын балбан кызы Айпери Медет кызы Түркияда өткөн Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турниринде алтын медаль алды.
76 кг салмакта килемге чыккан кыргыздын балбан кызы оюндун 1/8 бөлүгүндө жапониялык Нодока Ямамотонун далысын килемге басып утуп кетти. Чейрек финалда орусиялык Рита Талисманованы 8:4 эсебинде, жарым финалда монголиялык Энкх-Аман Даваансарды 3:1 эсебинде жеңип алды.
Финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешип, 4:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
Андан тышкары грек-рим күрөшүнөн 63 кг салмактагы Автандил Таалайбек уулу менен 97 кг салмактагы Үзүр Жусупбеков коло медаль алышты.
Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турнири кечээ, 7-мартта башталган. Кыргызстандан жалпы 33 балбан жөнөп кеткен. Мелдештер 10-мартта аяктайт.