Биз менен байланышыңыз

 9-10-мартта күчтүү магниттик бороон болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 737 | 0

9-10-мартта күчтүү магниттик бороон күтүлүүдө. Ал тургай бул нерсени дени сак адамдар да сезе алат. Бул тууралуу «Известия» маалымат агенттиги жазды.

Орточо деңгээлдеги магниттик бороон 15-16-мартта жана 21-22-мартта болору айтылды. Айдын акыркы магниттик бороону 27-28-мартта болуп, кан басым көтөрүлүп, ден соолук начарлашы мүмкүн.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган, кан басымы жогору же төмөн адамдарга таасир этиши мүмкүн. Магниттик бороон кан тамырлардын ичкерүүсүнө жана кеңейишине таасир эткендиктен баш оору, булчуң оорусу жана жалпы алсыздыкты пайда кылышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM