Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Ак-Суудагы төрөт үйү адистин жоктугунан жабылды

Ден соолук , Коом | 6 Мар 2024 | 1266 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук төрөт үйү жабылды. Маалыматты райондогу жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Канчоро Алымбеков ырастап, мекеме дарыгерлердин жоктугунан жабылганын билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун маалыматына караганда, боюнда бар келиндер учурда Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүнө кайрылып жатышат. Ошондой эле облустун координатору аймакка жаш дарыгерлерди тартуу жана кадр көйгөйүн чечүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал эми адистер аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе көп жылдан бери көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын айтышууда.

Ак-Суу районунун тургуну Асылкан (аты өзгөртүлдү) жакындарынан төрөт үйү жабылып калганын угуп, Каракол шаарына каттап жатканын айтып берди. Ошондой эле облус борборуна баруу кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи.

«Мен азыр кош бойлуумун. Бул жакта кесарево кылган дарыгер жок экенин билчүмүн. Караколго жолдомо менен барып жатам. Бирок элдин баары Ак-Суунун төрөт үйү иштебей жатканын айтышууда. Себеби ал жакта дарыгерлер жок экен. Ошентип патологияга да Караколго жиберип жатканын уккам».

Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Канчоро Алымбековго кайрылганыбызда, ал төрөт үйү дарыгерлердин жоктугунан жабылганын ырастады.

Ал эми Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Чыңгыз Урманбетов дээрлик эки айдан бери Ак-Суу районунан келген кош бойлуу келиндерди кабыл алып жатканын маалымдады. Ал башка райондордон да келгендер барын белгилеп, ал дарыгерлерге кошумча түйшүк экенин айтты.

«Ак-Суу райондук төрөт үйүндө акушер, гинеколог жок. Бул маселе облустук коллегияда да көтөрүлгөн. Ошондо башкы дарыгер «төрөт үйдү жабам» деген. Бүгүнкү күндө бизге кайрылып жатышат. Азыркы учурда Жети-Өгүз, Түп жана башка райондордон келгендерди кабыл алып жатабыз. Бул биздин жумушту да оорлоштуруп жатат».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 1700 дарыгер жетишпейт. Айрыкча аймактык ооруканаларда кызматкерлер аз.

Өлкөдө бир жылда 1500 дарыгер ишинен кеткен. Ошондой эле 2022-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына 1 миң 771 дарыгер жана 4 миң 260 атайын орто билимдүү адис жумушка алынса, 1 миң 592 дарыгер жана 3 миң 908 атайын орто билимдүү адис жумуштан кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышова да дарыгер жетишпесин моюндап, аймактарга жаш адистерди тартуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын белгилеп өттү.

«Балыкчы шаарынын мэриясы «бош имараттарга атайын жатаканаларды уюштуруп беребиз» дешкен. Бирок бул азырынча иш жүзүндө баштала элек. Бул дарыгерлердин үй-бүлөсү менен жашоого батир кылып берүү үчүн жасалары айтылган. Ал эми Тоңдо бир дарыгерге үй-бүлөсү менен жашоого батир берилген. Ошондой эле дагы үч дарыгерге батир даярдалып турат. Бардык шарттары менен. Эч нерсеге төлөбөйт. Жети-Өгүздө жети ординаторго салынган үй бар. Анда жашоого керектүү бардык шарттар бар. Жаш дарыгерлерди тартуу багытында бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз».

Буга чейин Талас облусунда да 131 дарыгер жетишсиз экени айтылган. Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Нургүл Момбекова көбүнчө үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпесин билдирген. Ал да учурда бош орундарга жаш дарыгерлерди тартуу багытында иштер жүрүп жатканын айткан.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев Ак-Суу району чоң жана калкы да көп экенин белгиледи. Айтуусунда, Каракол шаарына каттоо кош бойлуулар үчүн кыйынчылык жаратып коюшу мүмкүн.

Адис аймактагы ооруканаларда иштеген жаш дарыгерлер үчүн атайын шарттарды түзүп, алар окууну бүтүп жатканда бир канча жыл иштеп берүү талабын коюп, келишим түзүү керектигин айтат.

Ал аймактарга жаш кадрларды тартууга бир катар тоскоолдуктарды бар экенин белгилеп, анын чечүү жолдорун сунуштады.

«Бүгүнкү күндө даргерлердин укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой жатат. Министрлик кайсы тармактагы медиктер аз экенин аныктап, ошого карата көйгөйдүн чечүү жолдорун карашы керек. Жаш дарыгерлерди жумушка тартуу, кызыктыруу максатында атайын жеңилдиктерди берүү керек. Баягы эле каражат маселеси каралышы керек. Жаш дарыгерлер жаңы жумушка киргенде аз акча алышат. Себеби базалык чен менен берилет. Башкача айтканда, 7000 сомдун тегерегинде каралат. Ал жактан-бул жактан кошулуп отуруп, колуна 12 миң же 10 миң сом гана алышат. Бүгүнкү күндө бул акчага ким жашай алат? Алты жыл негизги, ординатура эки жыл, жалпы сегиз жылдай окушат. Он сегиз жаштан баштап жыйырма алты-жыйырма жети жашка чейин окушат. Андан кийин үй-бүлө курушу керек, аларды багышы керек. Ошондуктан 10-12 миң айлык эч нерсеге жетпейт».

Министрликтин маалыматы боюнча өлкөдө пенсиялык жана пенсияга чейинки курактагы дээрлик 4 миң дарыгер бар. Алардын 3 миң 15и пенсионер, 854ү пенсияга чейинки курактагылар.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөй кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, «Жаш дарыгердин депозити» программасына 175 адис катышып, аларга чейрек сайын аймакка жараша 32-35 миң сомдон кошумча каражат берилет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM