Биз менен байланышыңыз

Министрлик психдиспансердеги документи жоктор боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 106 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемелериндеги документи жок бейтаптар боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин айтымында, алардын карамагында 17 социалдык-стационардык мекеме бар. Андагы бейтаптардын документтерин калыбына келтирүүгө бир катар кыйынчылыктар бар:

  • айрым бейтаптар СССР учурунда төрөлүшкөн. Алардын туулган жерлери учурда КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймагында болгондуктан, алардын туулган жерин тактоо боюнча башка мамлекеттерге жиберилген суроо каттар жоопсуз калууда.
  • башка мамлекеттин паспорттору менен стационарларда жашаган чет өлкөлүктөр бар. Кыргызстанда стационарлардагы чет өлкөлүктөрдү өз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча мыйзамдар жок.
  • стационарларда келгенге чейин туруктуу жери жок болгондор да бар. Паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кайдан алганын туура көрсөтө албаганына байланыштуу көмөк көрсөтүүдө көйгөй жаралат.

Министрлик муну менен катар көйгөй жаратып келген документ берүү маселеси боюнча ченемдик-укуктук акты иштеп чыгуу өтүнүчү менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылышканын кошумчалашкан.

Кечээ Акыйкатчы институту Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемедеги 19 бейтаптын өздүгүн аныктаган паспорту жок экенин айтып чыккан.

«Кадамжайдагы психоневрологиялык мекемеде өздүгү белгисиз 19 бейтап бар»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM