Биз менен байланышыңыз

Tesla’нын Германиядагы заводу өрттөлүп, электромобилдер чыгарылбай калды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 283 | 0

Германияда Берлиндин четиндеги Грюнхайде шаарындагы Tesla заводу өндүрүшүн токтотту. Себеби заводго жакын жайгашкан аймакта өрт чыгып, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Анын натыйжасында электромобилдерди чыгаруу токтотулду.

Заводдон тышкары жакынкы райондордогу 2 миңдей үй-бүлө жарыксыз калды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өрт атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп жазып жатышат.

Tesla’нын заводун өрттөө үчүн жоопкерчиликти солчул экстремисттик «Вулкан» тобу өзүнө алды, алар завод жер астындагы сууларды булгап, ичүүчү сууну эбегейсиз көп колдонуп жатат деп айыпташты.

Аталган топ жарыялаган катта жылына 500 миңдей электр унаасын чыгарган завод «жаратылыш ресурстарын керектейт, эмгекти керектейт жана экологиялык жактан таза эмес» деп айтылат.

Teslaнын Берлин заводу жылына 500 000 унаа чыгаруу үчүн курулган, бирок компания Германиядагы өндүрүшүн эки эсе көбөйткүсү келет, ал эми айрым экологиялык активисттер Берлиндеги фабриканын кеңейишине каршы чыгышууда, анткени ал үчүн жакын жердеги токойду кыюу талап кылынат.

Бизнесмен Илон Маск Tesla заводун өрттөө аракетин келесоолук деп атады.

«Булар же дүйнөдөгү эң акылсыз эко-террористтер, же жөн эле экологиялык максаттары туура эмес адамдардын колундагы куурчактар», — деп жазды ишкер.

Быйыл январь айында Bloomberg Tesla компаниясы 2024-жылдын алгачкы эки жумасында 94 миллиард доллардан ашык наркын жоготкондугун жазган. Компания суроо-талапты жогорулатуу максатында 2023-жылдын башынан бери унааларына бааларды «агрессивдүү» түрдө төмөндөтүп келген, бирок натыйжада компаниянын кирешеси азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM