Биз менен байланышыңыз

«Бонецкий» лабораториясы жолдомо менен баргандарга 50% арзандатуу берет

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 143 | 0

Бүгүн, 5-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Бонецкий» лабораториясынын жетекчиси менен жолугушуу өткөргөнүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саламаттыкты сактоо мекемелеринин жолдомосу менен келген бейтаптарга 50% арзандатуу берүү макулдашылды.

Оозеки келишимге ылайык, «Бонецкий» лабораториясы мамлекеттик медициналык мекемелерге атайын бланк таратып, бейтаптар ошол бланк менен гана бара турган болушту.

Андан тышкары бул сүйлөшүүлөрдө айтылган маселелер боюнча кызматташтык меморандумуна кол коюу мерчемделди.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети медициналык лабораториялардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жеке менчик мекемелер менен жолугушуулар өткөнүн кабарлаган.

Анда «Интелмед» (Бонецкий) ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлери жолдомо берип жөнөткөн бейтаптардын анализ тапшыруусун 50%га чейин арзандатуу макулдашылганы айтылган.

УКМК: Лабораториялар анализ алуу бааларын бир кыйла төмөндөтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM