Биз менен байланышыңыз

Президент Баткен жана Кара-Суу округдарына кайра шайлоо дайындады

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 247 | 0

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу округдарына кайра шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, кайра шайлоо 28-апрелге белгиленди. Андан тышкары БШКга, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага бир катар тапшырмалар да берилди.

Айта кетсек, Баткен округунан шайланган Нурлан Ражабалиев менен Кара-Суу округунан шайланган Искендер Матраимов депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышкан.

БШК кайрылууну 22-февралдагы отурумунда карап, жазган арыздарын бир добуштан канааттандырган.

БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM