Биз менен байланышыңыз

БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 507 | 0

Жогорку Кеңештеги «Мекенчил» депутаттык тобунан Искендер Матраимов жана «Элдик» депутаттык тобунан Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда бир добуштан кабыл алды.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышкан.

Нурлан Ражабалиев 2009-2020-жылдары Бажы кызматында иштеген. Ал 2021-жылдын февраль айында бажыдагы коррупцияга күнөөлүү деп табылган. Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айып төлөөгө өкүм кылган. Ошол эле учурда сот 12 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп бергенин билдирген.

Искендер Матраимов бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан шайланган.

Буга чейин «Регион» телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда бир катар депутаттардын аты аталган.

16-февралда Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго таандык 26 мүлк камакка алынган.

Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин арасында «тазалоону» башташыбыз керек

Copyright © 2017 Maral FM