Биз менен байланышыңыз

Бишкекте экинчи Жылуулук электр борбору курулат

Экономика | 4 Мар 2024 | 919 | 0

Бүгүн Энергетика министрлиги энергияны үнөмдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү.

Министрдин орун басары Таалайбек Байгазиев Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалып жатканын кабарлады.

Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу былтыр эле башталган, учурда кол коюу алдында турат. Аны менен катар Селекциядагы ЖЭБ-2ни ишке киргизүү боюнча да бир чоң долбоор пландалып жатат.

«Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган «Айыл чарба машина куруу заводу» деген котельныйдын ордуна курулат. Ал болжол менен 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулукта болмокчу. ЖЭБ борбор калаанын батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт. Учурда долбоорду ишке ашырууга инвесторлор чыгууда. Анын кубаттуулугу болжол менен 110 МВТ электр энергиясын, 170 МВТ жылуулукту түзөт».

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, толук кандуу оңдоо ишин жүргүзүү үчүн Бишкек Жылуулук электр борборунун жана жылуулук тармактарынын ишин токтотуу пландалууда.

Эгер былтыркы жылы май-июнь айларында өчүрүлгөн болсо, быйыл жылуулук борборлорунун ишин 30-40 күнгө өчүрүү каралууда, бул иштин көлөмүнө жараша болот.

Оңдоо иштеринин графиги кийинчерээк белгилүү болот жана керектөөчүлөргө кошумча маалымат берилет.

Мындан тышкары министрдин орун басары Таалайбек Байгазиев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар экенин айтат.

Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 7 млрд 753 млн метр куб болсо, былтыр 8 млрд 35 млн метр кубду түзгөн.

Байгазиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

«Керектөөнүн көптүгүнө байланыштуу жүктөмдү автоматтык чектөө системасы иштеп жатат. Бул жылы тең салмактын бузулушунан улам кечки эң көп жүктөм убагында иштейт. Ошондуктан кээ бир аймактарда жөнгө салуу чаралары (жарык өчүрүү) мүмкүн. Март айынын нормасы суткасына 54 млн киловатт-саат болсо, биз азыртан эле нормадан ашып жатабыз. Келечекте мындай темп улана берсе, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар. Төмөнкү чек болжол менен 6,5 млрд кубметрди түзүшү мүмкүн. Электр энергиясын суткалык керектөөнүн өсүшү абоненттердин имараттарды жылытуучу жабдуударды колдонуусунан улам болуп жатат. Биз кыргызстандыктарды өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз».

Министрдин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өткөн жылга салыштырмалуу эрте башталарын билдирди.

Ал быйылкы жылытуу мезгили ийгиликтүү аяктаганына ишендирди.

«Электр станциялары» ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Аталган гидроагрегаттын реконструкциялоо иштери план боюнча бүтүп ишке берилсе, 60 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСте кубаттуулук 1380 МВт болот. Мындан тышкары Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоого алып чыгуу пландалып жатат. Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаты 180 МВтты түзөт (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт. Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке киргизилгенден бери өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. Аталган ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда. Ушуга байланыштуу аталган ГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү».

Энергетика министринин орун басары Байгазиев билдиргендей, мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, Кыргызстандын керектөөчүлөрүндө электр энергиясын пайдаланууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде эң көп жүктөм болгон учурда электр энергиясын керектөөдө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Энергетика министрлиги жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана бир нече энергияны көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта күйгүзбөөгө, өзгөчө электр энергия эң көп керектелген 6:00дөн 9:00гө чейинки жана кечки 18:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта шаймандарды колдонбоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM