Биз менен байланышыңыз

«Кыргызаэронавигация» ишканасында мыйзамсыз фактылар аныкталды

Кыска кабар | 2 Мар 2024 | 134 | 0

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 54 миң долларды мыйзамсыз ыйгарып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы менен «Ч.С.Э.» ААКна караштуу авиакомпаниясынын ортосунда учак аба кемелери үчүн аэронавигациялык кызматтар боюнча келишимдер түзүлгөнү аныкталды.

Аталган келишимдердин негизинде «Кыргызаэронавигация» МИнын кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында 2017-жылы авиакомпаниядан 54 миң 929 АКШ долларды акча каражаттарын алышып, «Кыргызаэронавигация» МИнын кассасына кириштебей, өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Натыйжада мамлекеттик ишканага 54 миң 929 доллар түзгөн өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM