Connect with us

Алдамчылыкка шек саналып эки жаран кармалды

Кыска кабар | 2 Мар 2024 | 226 | 0

Алдамчылыкка шек саналып эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ө.Б. жана Ш.Т. аттуу жарандар аймактардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштуруп берүүнү убада кылып Т.И. аттуу жабырлануучудан 50 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң жүргөн жерин жашырып кеткен. Шектүүлөр президент менен байланышы бар экенин айткан.

Аталган факт Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Ө.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам Бекзат Өмүрбеков экенин жазып жатышат. Ал социалдык тармактарда азыркы бийликти активдүү колдоп жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM