Бишкекте экологияны коргоо багыты боюнча, «Жашыл экономиканы колдоо» программасынын 3-этабынын ачылуу аземи болду. Иш-чарада долбоордун алдыдагы пландары боюнча талкууланды. Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы жашыл экономика боюнча кызматташтыкка салтанаттуу старт берилди. Анда жашыл экономиканы колдоого 50 млн доллар каражат банктарга бөлүнүп берет деп айтылды. Жыйынга Евробиримдиктин өкүлдөрү, жеке ишкерлер, депутаттар катышты.
Үсөн Сооронбаев “Ак-Жол” фирмасынын жетекчиси. Ал Жашыл экономиканы колдоо программасы менен 4 жылдан бери иштешип келет.
Бул жылы аталган уюм менен кызматташууда региондорго кичи ГЭС куруу жана экоавтобустарды Ысык-Көл—Бишкек багытына, андан тышкары шаар ичинде көбөйтүү боюнча келишим түздү. Ишкердин айтымында бул демилге шаардагы тыгындарды азайтат.
«Бир айдын ичинде аймактарды кыдырып көрөбүз. Эң биринчи планда электробустарды көбөйтүу жана кичи ГЭС куруу. Азыр баарыбыз көрүп тургандай биздеги негизги көйгөй, шаардагы тыгын маселеси менен ыш. Жашыл экономика программасы менен биргелешип ышты жоготуу максатында иштеп жатабыз. Биздин болжолдуу эсепте бир электробустун баасы, 50-60 миң долларды түздү. Биринчи партияга 15-20 электро автобустарды алып келүү пландалууда».
«Жашыл экономиканы колдоо» программасынын менеджери Нурзат Абдурасулованын айтымында, долбоордун бюджетинен 50 млн доллар бөлүнгөн. Бул акча каражат 4 коммерциялык банкка, KICB, Kompanion, Demir, Finka банктарына инвестицияланды. Акча каражатын алуу үчүн ишкерлерге жана жеке жактарга атайын шарттары каралган.
«Биз буга чейинки жылдарда Жашыл экономиканы колдоо программасы менен бир топ иш-чараларды жүргүздүк. Ушу күнгө чейин биз, 3500гө жакын долбоорду ишке ашырдык. Анын ичинен жылууланган үйлөр, жаңыланган ишканалар жана жаңы жумуш орундары түзүлдү. Азыркы күндө төрт банк аркылуу биз 50 млн доллар инвестиция менен өлкөдөгү ишкерлер үчүн үйлөрдү жылуулоо, энерго эффективдүулүгүн жогорулатуу, энергия булактарын жаңылоо жаатына иш алып барууга жардам беребиз.
Аталган долбоор кардарларга кредиттик түрдө 25 пайыздык кешбэк менен акча каражат бөлөт. Жашыл экономика программасынын директору Мая Хеннеркес, бул жылкы долбоордун мурунку жылдарга караганда өзгөчөлүгү, электр энергиясын, сууну үнөмдөө программалары каралганын айтты.
Бул программанын башка жылдарга караганда өзгөчөлүгү сууну үнөөмдөө болуп саналат. Себеби бул өлкөдө суу көйгөйү курч. Барган сайын андан жаман абалга туш келиши мүмкун. Ошондой эле биз жашыл электро энергиясы тууралуу да сөз кылабыз. Бул атайын ачылган портал болуп саналат. Ал жерден ишкерлер жана жеке жактар өздөрүнө керектүу технологияны таба алышат.
Электр энергиясы жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, учурда министрлик Жашыл экономика программасы менен келишим түздү. Ага ылайык электр энергия, суу, шаарлардагы канализацияны оңдоо жана жол маселелери боюнча талкуулар жүрүп, бир нече долбоор бекитилди.
«Ысык-Көлдөгү биздин аянтчабыздын бир участогун Европа өнүктүрүү банкы каржылаганы турат. Андан тышкары энергетика тармагындагы долбоорлор бар. Алар: Электр чубалгыларын куруу, кайра жаралуучу энергия долбоорлорун каржылоо маселеси. Жашыл экономика программасынын вице-президенти менен жолугушууда, алар толук түрдө кызматташууга даяр экенин билдирди.
Кыргызстан жашыл экономиканын принциптерине этап-этап менен өтүүдө. Мунун максаты курчап турган турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин азайтуу маанилүү.
Назайым Тилевалдыева, Марал радиосу