Биз менен байланышыңыз

Алексей Навальный менен коштошуу зыйнаты 1-мартта өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 427 | 0

Түрмөдө көз жумган оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен коштошуу зыйнаты 1-мартта Москвада болот. Анын сөөгү Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненецк автономиялык округундагы колонияда каза болгон.

Навальныйдын санаалаштары саясатчыны акыркы сапарга узатуу аземинин күнүн белгилеп, бирок эл менен коштошууга жай таппай жатканын билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, бийлик оппозиционердин жакындарын аны менен коштошуу зыйнатын коомдук түрдө өткөрбөй, тынч, үй-бүлөсү менен гана өткөрүүгө мажбурлаган. Навальныйдын жубайы Европарламентте сүйлөп жатып, коштошууга келгендерди полиция кармап кетпейт деген кепилдик жок экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM