Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттин макамынан ажыратуу экинчи ирет көтөрүлдү

Коом , Саясат | 29 Фев 2024 | 1435 | 0

Жогорку Кеңеште экс-президент Сооронбай Жээнбековду жана анын президенттиги учурунда жанында жүргөн адамдарды жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Буга чейин эки депутат мандатын тапшырган.

Саясий чөйрөдө жана жарандык коом бул теманы кызуу талкуулап, Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин туура деп эсептеген пикирлер арбын болууда. 

Депутат Акылбек Түмөнбаев бүгүнкү жыйында экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын президенттиги учурунда жанында жүргөн адамдарды жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

Ал учурдагы бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матрамов менен байланышы бар адамдарды аныктоо ишин жүргүзүп жатканда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияда жашап жатканына нааразылык билдирди.

Депутат Сооронбай Жээнбековдон тышкары, Икрамжан Илмиянов, Алмамбет Салиев деген ысымдарды атады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдон «экс-президент» макамын алуу боюнча беш барактан турган кайрылуусу бар экенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Коррупцияга каршы аёсуз күрөш болуп жатат. Буга чейин элдин ырыскысын жеп келген «Райым миллионго» табакташ болгон эки-үч депутат кетти, дагы кетиребиз деп аракеттерин кылып атышат. Бирок бүгүнкү күнү ошолордун арасында аты аталбай унутулуп калган, Райымбек Матрамовду саясий аренага алып келген кишилер мамлекеттин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жатат. Ал ким? Ал Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болгонго чейин губернатор, премьер болду. Аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жакыны Икрамжан Илмияновдор колдоду. Бүгүнкү күндө жоопко тартылбай жүрөт. Канчалаган жаштар кылкылдап көчөдө митингде турганда бир сөз айтпай, «көзү көр, кулагы дүлөй» болуп отуруп, бийлигинен ажырады. Бүгүн мамлекеттик резиденцияда отурганына биз кайдыгер карабашыбыз керек. Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда Алмамбет Салиев, Икрамжан Илмиянов деген адамдар бардык тармакты калчап жүргөн, аларды унутуп калышкан болсо, эстетип коеюн» , — деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып, соттолгон Икрамжан Илмияновдун ишмердүүлүгүнө саясий баа берилиши керектигин айтты.

Ал кесиптеши Акылбек Түмөнбаевдин Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун колдой турганын билдирди.

«2020-жылы революция парламенттик шайлоо ыплас өткөн үчүн болгон. Алгачкы катализатор «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары болгон. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү бүгүн азыркы бийикти курчап алып кошомат кылып, жоон топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Өмүрүндө бир китеп окубаган адам, өмүрүндө бир гана баранканы айландырган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке «ушул өтөт, бул өтпөйт» деп чечип турган. Эмнеге азыр ал байлыкты топтоп алып жыргап жашашы керек, ал эми тоок урдагандар соттолуп кетиши керек? Менимче, ага да саясий баа берилиши керек» , — деди депутат Алиев.

Саясат талдоочулар эмне дейт?

Саясат талдоочу Эмил Жороевдун пикиринде экс-президент Сооронбай Жээнбековдун президент кездеги ишмердүүлүгүн талкуулоо, анализдөө зарыл болгон маселе.

«Менимче, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун маселеси көтөрүлгөнү жана анын президент кезиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө суроо салуу, анализдөө сөзсүз зарыл болгон маселе. Бул коомдо жакшыны жакшы, жаманды жаман деп аныктап алуу үчүн керек. Бирок тилекке каршы, көбүнчө “экс” деген макамын алып салуу, кызматтан алуу жүйөлөрдүн артында чындап коом ичинде ой-толгоо, талкуу болсун, негиздүү бир баа берилсин делген максат жоктой. Тескерисинче, ушул сыяктуу маселерди бир чечим менен бирөөнү кызматтан кетирип, «экс» деген макамды алып салуу менен маселени жаап салуу аракетине умтулгандай таасир калтырып жатат».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Жылдызкан Жолдошева  экс-президенттин айланасындагы маселеде, Раимбек Матраимов менен мамиледе болгон чиновниктердин саны көптүгүн айтып, буларга токтолду.

«Эгерде Матраимовко тиешеси бар дей турган болсо, кечирип коёсуңар, Матраимов менен мамиле түзгөн аябай көп чиновниктре болгон, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, азыркы бийликтегилердин да мамилеси болгон. Тандалма мамиле болбош керек. Мисалы, Көлбаевдин апасынын тоюна барган деп көптөгөн кишилерпге куугунтук болгон. А ошол эле тойго Министрлер кабинетинин төргасы да барган. Ага эч кандай чара болгон жок, эскертүү да болгон жок.  Ошол эле Раим Матраимов азыркы бийликти кармап жаткан жигиттердин тойлорунда да болгон анда кантебиз. Анда “силердин тоюңарга барган, силер менен мамиле кылган”,- деп аларды да соттош керек, алар кызматтан кетиш керек. Тандалма саясатты, тандалма жазалоону токтотуу керек. Сооронбай Жээнбековдун Матраимов менен мамилеси бардыгын ким далилдеп берди? Ошондуктан «баш ал десе, бөрк ал» дегенди, өч алууну токтотуу керек. Өлкөнүн өнүгүүсүнө бир эле коррупция менен күрөшүү эле жетпейт».

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып, соттолгон Икрамжан Илмияновдун ишмердүүлүгүнө саясий баа берилиши керек деген маселе боюнча буларды айтты.

«Эми убакыт өтүп кеткенден кийин саясий баа берүү жөнүндө кыргыздын жакшы бир макалы бар «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» деген. Убагында биз Жогорку Кеңеште маселе көтөргөндө эч ким колдогон эмес. Ошондуктан ар бир несе өз убагында болушу керек. Кайсы бийлик болбосун позициясын так кармоо керек».

Дагы бир саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Сооронбай Жээнбековдун экс макамын алуу маселеси буга чейин да көтөрүлгөнүн, комиссия карап чыкканын, бирок анын тиешеси бардыгы аныкталбаганын айтат.

«Макамын алабыз деген демилге буга чейин деле көтөрүлүп, текшерилип,  тиешеси жок экендиги аныкталбады эле го. Улам эле ушундай маселелерди көтөрө берген өлкөнүн тынчтыгына шек келтире турган маселердин бири. Эгер күнөөсү болсо, экс макамын алуу керек болсо, депутаттар сотко берсин. Парламентте көтөрүлгөнү менен сот чече турган маселе да, буга чейин депутаттык комиссия да иштеп чыккан болчу».

Ал эми Икрамжан Илмияновдун ишмердүүлүгүнө саясий баа берилиши керек деген маселе боюнча мындай дейт:

«Илямияновду Москвадан кармап келип, сот карап чыгып, жазасын өтөп анан чыгарды эле го. Улам эле ушул маселени козгогон «атың чыкпаса, жер өрттө» деген создөй болуп жатат. Саясий баа бергенге депутаттардын акысы бар».

Белгилей кетсек, учурда экс-президент расмий макамына Кыргызстандын мурдагы президенттеринен Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков ээ. Алар мамлекеттик камкордукка алынып, резиденцияда жашайт жана ири өлчөмдөгү пенсия алат. Мурдагы президенттердин бири Алмазбек Атамбаевдин экс макамы Жогорку Кеңеш тарабынан жокко чыгарылган. Ал эми туңгуч президент Аскар Акаев жана андан кийинки президент Курманбек Бакиевдин экс макамы болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM