Биз менен байланышыңыз

Туманга байланыштуу Ош аэропортунда каттамдар кармалып жатат

Кыска кабар | 27 Фев 2024 | 170 | 0

Коюу туманга жана кар жааганына байланыштуу Ош эл аралык аэропортунда аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Ош – Жуковский, Ош — Санкт-Петербург каттамдары кармалып жатат.

Ошондой эле Стамбул – Ош, Москва – Ош каттамдары Ош аэропортуна коно албай, Бишкектеги «Манас» аэропортуна конду.

Учурда Ош аэропортунун аймагында көрүү узактыгы туурасынан — 100 метр, жогору карай — 46 метрди түзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM