Биз менен байланышыңыз

Салыктык карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн сервис иштей баштады

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 233 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди.

Эми жарандар Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип же төлөй алышат.

Бул электрондук кызматты колдонуу үчүн салык төлөөчү Cabinet.salyk.kg сайтындагы » Салык төлөө» модулунан «Карызды текшерүү жана салыкты төлөө» бөлүмүн тандоо керек. Ушул бөлүмдөгү төлөм коду боюнча же QR-коду аркылуу төлөй алат.

Кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Жетекчилик” бөлүмүнөн алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM