Биз менен байланышыңыз

Зеленский: 2 жылдык согушта 31 миң украин аскери каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 411 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага кол салгандан бери 31 миң украин аскери каза болгонун билдирди.

Зеленский 25-февралда маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал украин аскерлеринин өлүмү тууралуу расмий маалыматты алгачкы жолу айтты.

«Бул согушта 31 миң украин аскери каза болду. Путин жана анын айланасындагылар айтып жаткандай, 300 миң же 150 миң аскер жоготкон жокпуз. Бирок 31 миң аскердин ар биринин өлүмү биз үчүн өтө чоң жоготуу», — деген Зеленский.

Украин президенти канча аскер жарадар болгонун айта албастыгын, анткени Орусия «согуш майданынан канча аскер кеткенин» билип алышы мүмкүн деген жүйөө менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле дайынсыз жоголгон аскерлердин да санын айткан жок.

Ал эми Орусия тараптын жоготуулары тууралуу «Орусия 180 миңдей аскерин жоготуу. Жарадарларды кошуп эсептегенде 500 миңдей аскери кызмат өтөй албай калды», — деген Владимир Зеленский.

Согуш башталгандан бери Орусия да, Украина да аскердик сыр экенин айтып, каза болгондордун санын так бербей келет.

Ал эми Батыш жана АКШнын айрым чалгындоо кызматтары ачык булактардагы маалыматтардын негизинде жана жеке булактарына таянып, Орусия менен Украинанын жоготууларын болжолдуу эсептеп келет.

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчиси Уилям Бернс 30-январда Foreign Affairs басылмасына маек берип, анда Орусиянын жоготуулары 315 миң деп айткан. Бул санга жарадар болгон аскерлер да кире турганын кошумчалаган. Ал эми Economist журналы АКШнын расмийлеринин маалыматтарына таянып, Украинанын 70 миңдей аскери согушта каза болгонун, 120 миңдей аскер жаракат алганын жазган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM