Биз менен байланышыңыз

Президент: «Кызыл-Омполдо» уран эмес, титаномагнетит көбүрөөк

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 361 | 0
Президент Садыр Жапаровдун Балыкчыдагы эл менен жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине «Кызыл-Омпол» кени боюнча маек берди.

Мамлекет башчысы «Кызыл-Омполду» уран кени деп айтуудан алыс болууга чакырып, андагы кендин басымдуу бөлүгү титаномагнетит экенин белгиледи.

«Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.

  • титаномагнетит — 95 %;
  • фосфор — 3 %;
  • цирконий — 2 %;
  • торий- 0,22 %;
  • уран — 0,17 %.

Мына өзүңүздөр көрүп тургандай, дээрлик көпчүлүгү титаномагнетит. Ал эми фосфор, цирконий, торий, анан барып 0,17 пайызы уран экенин көрүп турасыздар», — деди Президент.

Аны менен катар ал жерден руда гана казылып, ал Кара-Балтадагы заводдон гана бөлүнүп алынарын, чет мамлекеттерге чийки зат катары сатыларын айтып өттү. Сатуудан түшкөн акча 100% мамлекеттин казынасында каларын белгиледи.

Экология маселеси боюнча уран десе эле чочулай берүүнүн кажети жок экенин, 0,17% жокко эсе дегенди билдирерин айтты.

«Азыркы убакта ошол жерди иштете албайбыз. Эч нерсе өспөйт. Анткени астында урандын жана башка сейрек кездешүүчү баалуу металлдардын элементтери бар. Жер астынан чыккан булактардын суусун да ичкенге болбойт. Себеби, суу уранды жана башка металлдарды аралап чыгат. Ал жердеги рудаларды алып чыгып кеткенден кийин артынан жерлер дароо рекультивацияланат. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдык сактоочу жай да болбойт. Анткени рудалар ал жерде иштетилбейт. Таза жер калат», — деди мамлекет башчысы.

Андан тышкары биосфералык аймак, көз карандысыз комиссия түзүү, кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, кенди иштетүү, андан чыккан металлдарды сатуу боюнча суроолорго жооп берди.

Президенттин маегин толугураак «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин сайтынан окууга болот.

Айта кетсек, Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарына барып, Тоң, Кочкор райондорунун калкы менен жолугушуп, «Кызыл-Омпол» кени боюнча сүйлөшүү өткөргөн.

Президент Балыкчыда «Кызыл-Омпол» кенин казуу боюнча талкуу өткөрдү

Copyright © 2017 Maral FM