Биз менен байланышыңыз

Президент Балыкчыда «Кызыл-Омпол» кенин казуу боюнча талкуу өткөрдү

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-февралда Балыкчы шаарына барып, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөргөнүн Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн билдирди.

Жыйында мамлекет башчысы өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган инвестициялык долбоорлор туурасында айтып берген.

Андан тышкары ушул эки районго чектеш аймакта орун алган «Кызыл-Омпол» кенин иштетүү боюнча да талкуу өткөргөн. Тургундарга тийиштүү маалыматтар айтылып, эксперттер жана мамлекет башчысы суроолорго жооп беришкен.

Мамлекет башчысы кен ачылса, миңден ашуун жумушчу орун түзүлөрүн, экинчи «Кумтөр» пайда болорун айткан.

«Бул деген сөз жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат, эл да байыйт. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр «Кумтөрдү» кандай иштетип аткан болсок, «Кызыл-Омполду» да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт», — деген ал өз сөзүндө.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин маянасын көтөрүү, инфратүзүмдүк жайларды куруу өңдүү коомдук маселелерди көтөрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, «Кызыл-Омпол» тоо-кен тилкеси 1951-жылы ачылып, геологиялык чалгындоонун жүрүшүндө кенде 13 миң тонна уран, андан тышкары 29 миң 252 тонна торий, 287 миң 636 тонна цирконий, аны менен катар титан, фосфор, талаа шпаты сыяктуу заттар да бар экени аныкталган.

2019-жылы апрель айында Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу чуу чыккан. Жергиликтүү эл, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Буга байланыштуу ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен казуу иштерин токтотуп, «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алган. Президент Сооронбай Жээнбеков кен казылбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Канат Керезбеков, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков уран жана торий казууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп, аны парламент үч окууда тең колдоп берген.

Copyright © 2017 Maral FM