Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталдын медайымын сабаганга шектүү кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 401 | 0

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада С.А.нын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM