Биз менен байланышыңыз

Эмгек министринин орун басары кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 220 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында эмгек министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM