Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам алгандардын саны өсүүдө

Коом | 21 Фев 2024 | 416 | 0

Өлкөдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алган жарандар көбөйүүдө. Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы акысыз юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миңден ашык жаран алган. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 90 миңден ашык адамды түздү. Аталган кызмат өлкөдө жарандардын укуктук сабатын арттырып жатканы, кайрылгандар көбөйө баштаганы айтылды. Мекемеге көбүнчө социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка маселелер боюнча жардам сурап кайрылышат. Мындан тышкары кызмат элдин укуктук сабатын арттыруу максатында бир топ акцияларды да өткөрүп келет. 

Ырыс Жумалиева 2015-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 14 пайыз менен үй сатып алган. Ал үстөгүн убагында төлөй албай калганына байланыштуу компания карамагынан чыгарып, банкка өткөрүп берген.

Анын айтымында, 14 пайыздын үстүнө банк өзүнүн пайызын кошуп, натыйжада үстөк төлөмү 23%га чейин өскөн.

Жумалиева акысыз юридикалык жардам алып, сот анын пайдасына чечип берген.

«Мен «14 пайызды төлөй албай жатсам, кантип 23 пайызды төлөйт элем» дегем. «Айыл банк» сотко берди. Анан Юридикалык жардам кызматына кайрылсам, акысыз адвокат жалдап беришти. Аябай жакшы адвокатка туш келиптирмин. Банк менен бир жыл соттоштук. Иш аягына чыкканга чейин адвокат жанымда, дайыма байланышта болду. Болгон күчүн жумшады. Иш менен тарапка чечилди. Банк тарабынан пайыздарым жокко чыгарылды. Адвокаттын жардамы менен бир жылдан бери төлөмүмдү төлөп келе жатам».

Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миң 692 жаран алган. Анын ичинде 16 миң 98и квалификациялык юридикалык, 44 миң 534ү консультациялык-укуктук жардам алышкан.

Өткөн жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды 95 миң 162 адам алган. Анын ичинде квалификациялык юридикалык жардам 14 миң 495 жаранга, консультациялык-укуктук жардам 80 миң 667 адамга көрсөтүлгөн.

Мыйзам алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам эки түрдө берилет. Биринчи түрү, консультациялык-укуктук жардам. Тагыраагы, юридикалык кеңеш берүү. Жардамдын экинчи түрү, квалификациялык юридикалык жардам деп аталат. Башкача айтканда, адвокаттын жардамы. Сотто, тергөөдө керектелет.

Юридикалык жардам кызматынын бөлүм башчысы Айчүрөк Камаева акыркы убакта акысыз юридикалык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, кызмат калктын укуктук сабатын жогорулатуу максатында юридикалык жардам берүүнүн бир канча жолдорун ишке киргизген.

Камаева билдиргендей, жарандар көбүнчө социалдык, жер маселелери, үй-бүлөлүк укуктук, эмгек маселелери боюнча, документтештирүү маселелери боюнча кайрылышат.

Ошол эле учурда ал учурда калктын укуктук сабаты жогорулап жатканын айтты.

«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы калктын укуктук сабатын жогорулатуу, укуктук маданиятын кеңейтүү, деги эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында юридикалык жардамды берүүнүн бир канча жолдорун ишке киргизгенбиз. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жарандар акысыз чалуу жүргүзүп, 114 шыр байланыш номуру аркылуу өзүнүн тийиштүү укуктук маселеси боюнча акысыз юридикалык жардам ала алат. Онлайн түрдө дагы акысыз юридикалык жардам алууга шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары ар кандай акциялар өтүп турат».

Акысыз юридикалык жардам кызматынын маалыматына боюнча айрыкча алыскы аймактардагы калктын көпчүлүгү мыйзам, укуктарды билбей, ар кандай кылмышка барууда. Буга байланыштуу аймактарда жашаган жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында «Тилектештик автобусу» өнөктүгү квартал сайын өткөрүлүп келет.

Анын алкагында кесипкөй, тажрыйбалуу юристтер жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып беришет.

Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Толкун Эргешов бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир районунда кызматтын координатору иш алып барарын билдирди.

Айтуусунда, кайрылгандардын саны барган сайын көбөйүп, жылдан-жылга натыйжасы да жакшырууда.

«Ош шаары боюнча 101, Кара-Суудан 26, Ноокаттан 49, Аравандан 8, Алайдан 21, Кара-Кулжадан 9, Өзгөндөн 13 жаран кайрылган. Жалпы 227 адам оозеки кеңеш алып жатат. Мурда биздин координаторлор облустун борборлорунда эле болушса, бүгүнкү күндө ар бир райондо бар. Башкача айтканда, Ош облусунун ар бир районунда бирден өкүл бар. Алар юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өзүнчө иш алып барат».

Биз айтып жаткан мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кандай учурда жана кимдерге берилет? Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна кандай маселелер менен кайрылса болот? Алар төмөнкүлөр:

— социалдык жөлөк пул жана пенсиялар

— үй-бүлөлүк зомбулук маселелери

— мураска байланышкан талаштар

— никени бузуу, алимент кестирүү

— жер талашуу жана башка укуктук маселелер.

Азыркы учурда өлкө боюнча 40ка жакын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору кызмат кылат.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү борбору Кыргызстандын бардык облусунда иш алып барат. Ага жарандардын баары кайрыла алышат.

Алардын даректерин, байланыш номерлерин ukuk-jardam.gov.kg сайтынан тапсаңыздар болот.

Мындан тышкары Юридикалык жардам кызматы учурда jardam.kg сайты иштелип жатканын билдирди. Ал аркылуу да жарандар укуктук маселелери боюнча онлайнт кайрылып, тийиштүү адистерден жооп ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM