Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-февралда күн жылуураак болот

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 699 | 0

Кыргызстанда 22-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Туман түшөт, жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -8…-10, күндүз +2…+4 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM