Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүк жумушчу топ жеке менчик клиникаларды текшерет

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 197 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жеке менчик саламаттыкты сактоо уюмдарына аудит жүргүзүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге төрага Акылбек Жапаров кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн максаты жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү экени айтылды.

Жумушчу топ эки ай иштейт. Текшерүү аяктаган соң, корутунду отчётту, сунуш-пикирлерди Президенттин администрациясына берет.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн жылы лицензиясыз иш жүргүзгөн 3 миңден ашуун медициналык мекеме бар экенин маалымдаган.

Министрлик 2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек, Ош шаарларындагы, Чүй облусундагы 626 менчик клиниканы текшерип, жалпы 1 млн 500 миң сом айып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM