Биз менен байланышыңыз

Айдоочуларга эскертүү: Бир катар унаа жолдору жабылды

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 220 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Аба ырайына байланыштуу бир катар унаа жолдору жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Аймактарга каттаган жолдордун төмөнкү бөлүктөрү учурда жабык турат:

  •  «Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу» жолунун  45-чакырымынан 130-чакырымына чейин;
  • «Каракол – Эңилчек» жолунун  82-чакырымынан 95-чакырымына чейин;
  • «Барскоон – Ак-Шыйрак» жолунун 45-чакырымынан 60-чакырымына чейин;
  • «Түп – Кеген» жолунун  39-чакырымынан 76-чакырымына чейин.

«Урматтуу айдоочулар жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, барчу жерлериңизди алдын ала мерчемдеп, баардык коопсуздук эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз», — деп айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM