Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мекемесинин дагы эки кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 366 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде дагы эки кызматкер коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар чет мамлекеттерден унаа ташыган адамдар менен биргеликте коррупциялык схема уюштурууга айыпталып жатышат.

Маалым болгондой, мамлекеттик мекеменин адистери унаа ташуу менен алектенген адамдардын документтерин «кузов, кыймылдаткычтын тетиктери» деген сыяктуу толтуруп турушкан. Бул алардын бажы алымдарын аз төлөшүнө мүмкүндүк берген. Ошол эле учурда мындай жол менен келген унааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтер болгон эмес.

«Унаанын» жетекчиси жана адистери акыркы бир нече жыл ичинде Кореядан баштапкы документтери жок келген 600дөн ашуун унааны өлкө аймагында каттоого алышкан. Мындан мамлекет миллиондогон доллар зыян тарткан.

Бул кылмыш иштердин алкагында кечээ, 19-февралда «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы К. А. Т. жана адиси К. Т. Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Айта кетсек, УКМК 30-январда жогоруда айтылган иштин алкагында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин төрт кызматкери кармалганын кабарлаган.

УКМК: «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери камакка алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM