Биз менен байланышыңыз

КФСнин президенти Ташиев FIFAнын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2024 | 400 | 0

Кыргыз футбол союзунун жаңы шайланган президенти Камчыбек Ташиев менен анын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу союздун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-февралда өткөн союздун президентин шайлоого ФИФАнын аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич менен башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз байкоочу катары келишкен.

ФИФАнын өкүлдөрү Ташиев менен Букуевди жаңы кызмат орундары менен куттукташкан.

Тараптар өлкөдөгү футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. Соңунда президент менен биринчи вице-президент ФИФАга ыраазычылык билдирген.

Айта кетсек, кечээ, 19-февралда Кыргыз футбол союзунда кезексиз жыйын өтүп, анда союздун президенттигине Камчыбек Ташиев, биринчи вице-президенттигине Нурдин Букуев, андан тышкары вице-президенттер, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү шайланган.

Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM