Биз менен байланышыңыз

Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2024 | 405 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды.

19-февралда Бишкекте бирикменин кезексиз курултайы өтүп, анда жаңы президентти шайлоо болду. Камчыбек Ташиев бир добуштан Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды жана бул кызматта 2026-жылдын апрелине чейин иштейт.

«Менин талапкерлигимди бир добуштан колдоп, ишеним көрсөткөн делегаттарга ыраазычылык билдирем. Футбол мамлекеттин эл аралык статусун аныктап, кадыр-баркына кыйла таасирин тийгизет. Ошондуктан көптөгөн өлкөлөр футболду өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурушат. Биздин мамлекет башчы Кыргыз футболдук союзуна күчөтүлгөн колдоо көрсөтүүнү чечти», — деди Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунда тайпадан чыкпай калган. Буга байланыштуу 29-январда кезексиз жыйын өтүп, Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кеткен.

Андан кийин 31-январда мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргыз футбол союзунун президенттигине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сунуштаганын айткан. 

Copyright © 2017 Maral FM