Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 207 | 0

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 11-февралдан 18-февралга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, чек аранын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантары, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM