Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: 19-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 18 Фев 2024 | 210 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдордо кар жаап, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы -12…-14, күндүз -4…-6 градус суук болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM