Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 18 Фев 2024 | 149 | 0

Бишкек шаарынын айрым конуштарында 20-февралда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өчүрүү району:
• «Мурас-Ордо» турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин;
• «Калыс- Ордо» турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  жаратылган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM