Биз менен байланышыңыз

Баткенде үй чарбалар «Санарип аймак» программасына катталууда

Кыска кабар | 18 Фев 2024 | 141 | 0

«Санарип аймак» программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484 же 78,56 % көрсөткүчтү түзөт. Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң 7 болсо, анын баары санарип аймак тутумуна катталып, 100% көрсөткүчтү түздү.

Бүгүнкү күндө жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды «Түндүк» системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул аракеттерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле электрондук иш кагаздарды жүгүртүү системасы боюнча райондук мамлекеттик администрациялар, мэрия жана 31 айыл өкмөттөрү «ИнфоДокс» электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасына толук өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM