Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөр аныктала элек

Кыска кабар | 18 Фев 2024 | 223 | 0

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы болгон штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти.

Болгон окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.

Учурда комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатат.

«Мындан тышкары ички ведомстволук-техникалык комиссиялар да түзүлгөн, алардын корутундуларын ведомстволук аралык комиссияга карап чыгууга берилет. Ушул күндө техникалык жана ведомстволук комиссиялардын иши аягына чыга элек, ошондуктан бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин белгилей кетишибиз абзел. Ведомстволор аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин көзөмөлүндө турат, алардын ишинин жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM