Биз менен байланышыңыз

Эртең балдарга арналган алгачкы китеп фестивалы өтөт

Кыска кабар | 17 Фев 2024 | 264 | 0

Эртең, 18-февралда «Акбарак» коомдук фонду балдар адабиятына арналган алгачкы китеп фестивалын өткөрөт.

«Кичинекей окурман» аталышындагы фестивалдын алкагында балдарды китепке кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгү, баланын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө арналган презентациялар, панелдик талкуулар өтөт.

Мындан тышкары, балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер класстар, кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары да уюштурулат.

Форумду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каржылык колдоосу менен «Акбарак» коомдук фонду уюштурууда. Иш-чара Бишкектеги «Сейтек STEM» мектебинде саат 10:30-16:00 аралыгында өтөт, кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM