Биз менен байланышыңыз

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный колонияда каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 408 | 0

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Ямало-Ненецк автономиялык округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болду. Бул тууралуу Федералдык Жаза аткаруу кызматынын жергиликтүү башкармалыгына таянып, маалымат каражаттары жазды.

«16-февралда №3 түзөтүү колониясында айыпталуучу Алексей Навальный жөө басып келгенден кийин өзүн жаман сезип, дароо эсин жоготкон. Бардык керектүү реанимациялык чаралар көрүлгөн, бирок оң натыйжа берген эмес. Тез жардам дарыгерлери соттолгон адамдын каза болгонун тастыкташты. Учурда өлүмдүн себептери такталууда», — деп айтылат Федералдык Жаза аткаруу кызматынын жергиликтүү башкармалыгынын билдирүүсүндө.

«Лента.ру» басылмасы 47 жаштагы Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу Орусия президенти Владимир Путинге маалымат берилгенин жазды. Ал 2021-жылдан бери абакта болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM