Биз менен байланышыңыз

Талас облусунда 131 дарыгер жетишсиз

Ден соолук , Коом | 16 Фев 2024 | 1810 | 0

Талас облусунда 131 дарыгер жетишсиз. Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Нургүл Момбекованын маалыматына караганда, көбүнчө үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Ал бүгүнкү күндө жогорку билими бар дарыгерлердин 42 пайызы пенсия курагындагылар экенин белгиледи. Муну менен катар ал учурда бош орундарга жаш дарыгерлерди тартуу багытында иштер жүрүп жатканын айтты. Буга чейин министрлик аймактардагы кадр маселесин чечүү үчүн бир катар иш-чараларды аткарып жатканын билдирген. Ал эми адистер бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын айтышууда. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 1700 дарыгер жетишпейт. Айрыкча аймактарда жайгашкан ооруканаларда кызматкерлердин саны аз экени белгилүү.

Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Нургүл Момбекова Талас облусунда 131 дарыгердин орду бош турарын билдирди.

Ал облус боюнча акушер-гинеколог, педиатр, көз догдур жана башка дарыгерлер жетишпесин белгиледи. Ошондой эле ал учурда бул көйгөйдү чечүү багытында кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

«Облус боюнча 131 дарыгер жетишпейт. Анын ичинде акушер-гинеколог, педиатр, хирург, үй-бүлөлүк дарыгер, эндокринолог жетишпейт. Аны чечүү үчүн жаш дарыгерлерди үй-жай менен камсыз кылуу керек, айлыгын жогорулатуу керек. Башкача айтканда, жашоосуна шарт түзүп берүү керек. Бул багытта жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаш кызматкерлерди тартуу багытында иш алып баруудабыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир жылда 1500 дарыгер ишинен кеткен. Ошондой эле 2022-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына 1 миң 771 дарыгер жана 4 миң 260 атайын орто билимдүү адис жумушка алынса, 1 миң 592 дарыгер жана 3 миң 908 атайын орто билимдүү адис жумуштан кеткен.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев жаш кадрлардын жетишпегенинин бир топ себептери бар экенин белгиледи.

Султангазиев бүгүнкү күндө даргерлердин укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын айтат. Мындан сырткары ал министрлик кайсы тармактагы медиктер аз экенин аныктап, ошого карата көйгөйдүн чечүү жолдорун карашы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле адис жаш дарыгерлерди жумушка тартуу, кызыктыруу максатында атайын жеңилдиктерди берүү керектигин айтты.

«Баягы эле каражат маселеси каралышы керек. Жаш дарыгерлер жаңы жумушка киргенде аз акча алышат. Себеби базалык чен менен берилет. Башкача айтканда, 7000 сомдун тегерегинде каралат. Ал жактан-бул жактан кошулуп отуруп, колуна 12 миң же 10 миң сом гана алышат. Бүгүнкү күндө бул акчага ким жашай алат? Алты жыл негизги, ординатура эки жыл, жалпы сегиз жылдай окушат. Он сегиз жаштан баштап жыйырма алты-жыйырма жети жашка чейин окушат. Андан кийин үй-бүлө курушу керек, аларды багышы керек. Ошондуктан 10-12 миң айлык эч нерсеге жетпейт».

Министрликтин маалыматына боюнча өлкөдө пенсиялык жана пенсияга чейинки курактагы дээрлик 4 миң дарыгер бар. Алардын 3 миң 15и пенсионерлер, 854ү пенсияга чейинки курактагылар.

Медицина тармагы боюнча адис Базарбай Гапаров бул маселе 30 жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтат.

Ал медицина жаатындагы кадрлардын жетишсиздигине эмгек акынын аз болгонун жүйө келтирди. Мындан тышкары адис медкызматкерлердин көпчүлүгү жеке менчик ооруканаларга жумушка кирип жатканын белгиледи.

«Эмне үчүн бизде кадрлар жетишсиз болуп жатат. Биринчи кезекте айлык маселеси. Башка мамлекеттик мекемелерге караганда айлык аз. Ошон үчүн да жумуштан кеткендер көп. Бул маселени бир топ жолу көтөрдүк. Бирок айлык көтөрүлгөнү менен айланып келип эле кыскарып кетип жатат. Учурда Казакстанга, Түркияга, Орусияга барып иштеп жаткандар көп. Себеби ал жакта айлык жакшы. Мындан тышкары өлкөдө жеке ооруканалар бар. Айлык жакшы болгондуктан, шарт жакшы болгондуктан, ал жактарда иштеп жатышат».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөй кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, «Жаш дарыгердин депозити» программасына 175 адис катышып, аларга чейрек сайын аймакка жараша 32-35 миң сомдон кошумча каражат берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM