Connect with us

Бишкекте көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт

Кыска кабар , Спорт | 16 Фев 2024 | 678 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы кабарлады.

Беттештер эртең, 17-февралда саат 10:00дө башталып, 22-февралда финалдык оюндар болот.

Беттештерге өз облусунда жеңишке жеткен райондук командалар катышат. Тактап айтканда, жети облустан жети, Бишкек, Ош шаарларынан бирден команда күч сынашат.

Катыша турган командалар төмөнкүдөй аныкталган:

  • Бишкек шаарынан «Четинди» командасы,
  • Ош шаары,
  • Лейлек району,
  • Кара-Кулжа району,
  • Сузак району,
  • Талас району,
  • Сокулук району,
  • Ак-Суу району,
  • Ак-Талаа району.

Айта кетсек, буга чейин Көк бөрү федерациясынын калыстарынын көзөмөлү астында облустук чемпионаттар өткөрүлгөн. Беттештерде жеңишке жеткен райондук командалар республикалык чемпионатка жолдомо алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM