Connect with us

Кытайдан Кыргызстанга автоунаа импорту дээрлик 45 эсе өстү

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 309 | 0

2023-жылы Кыргызстан Кытайдан 79 миң 131 унаа импорттогон. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 44,6 эсе өскөн. 2022-жылы Кытайдан 1 миң 773 гана унаа алынып келинген.

Унаалардын баасы 1 миллиард 197,3 миллион долларды түздү. Бул бир даана орточо 15 миң доллар турат дегенди билдирет.

Мындан тышкары, Түштүк Кореядан автоунаа ташып келүү да өстү. Бул өлкөдөн 434,8 миллион долларга 50 миң 397 унаа импорттолгон. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик беш эсе жогору.

Орусиядан 143 миллион долларга 14 миң 437, АКШдан 209,6 миллион долларга 11 миң 953, Жапониядан 208,5 миллион долларга 9,3 миң унаа алып келинген.

Жалпысынан былтыр Кыргызстанга 184 миң 789 автоунаа алынып келинген. 2022-жылдан айырмаланып, бул көрсөткүч 4,5 эсе өскөн.

Экспорт тууралуу айтсак, Кыргызстандан башка өлкөлөргө 2023-жылы сатылган автоунаанын саны 2022-жылга салыштырмалуу 8,6 эсе өскөн.

Өткөн жылы Кыргыз Республикасы 8 миң 733 автоунаа экспорттогон. Автоунаанын орточо баасы 7,9 миң долларды түзөт.

Кыргызстандан автоунаалардын көбү Орусияга экспорттолгон – 6 миң 253 даана, Казакстанга 2 миң 374 унаа экспорттолду.

Copyright © 2017 Maral FM