Биз менен байланышыңыз

20, 50, 100 сомдуктар жаңы үлгүдө чыгарылат

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 350 | 0

Бүгүн, 15-февралдан тарта 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50, 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу  маалымат жыйында Улуттук банктын өкүлү Мелс Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды.

«Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт. Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш», — деди ал.

Буга чейин, сомдун отуз жылдыгына карата улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясындагы 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду жүгүртүүгө чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM