Биз менен байланышыңыз

Келиндин төрөттөн көз жумганы катталган оорукананын директору ишинен алынды

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 209 | 0

Төрөт учурунда каза болгон келиндин окуясына байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Директор менен кошо анын дарылоо боюнча орун басары, башкы медайым да ишинен алынган.

Ал эми төрөт бөлүмдүн башчысы окуянын чоо-жайы анык такталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.

Айта кетсек, 10-февралда саат 18:10 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык төрөт үйүндө 1988-жылы туулган келин төрөттөн кийин каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөдө 36 жаштагы келин 10-февралга караган түнү саат төрттөр чамасында көз жарган. Төрөттөн кийин абалы начарлап кеткендиктен операция жасалган. Тилекке каршы, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү башталганын 12-февралда кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM