Биз менен байланышыңыз

Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен бошотулду

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 106 | 0

Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгону расмий сайтына жарыяланды.

Эмилбек Абдыкадыров бул кызматка 2023-жылы 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин, тагыраагы, 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин Бишкек шаарына мэр болгон.

Эмилбек Абдыкадыров 1958-жылы Таластын Кара-Ой айылында туулган. Бишкек шаарыны мэри кызматына келгенге чейин Ала-Бука районунда аким болгон.

Аскар Акаев президент болуп турганда бир нече жыл Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын аркалаган. Андан тышкары «Нур Строй монтаж» курулуш компаниясынын башкы директору катары белгилүү.

2020-жылы Ат-Башыга логистикалык борбор курууну мерчемдеген кытай ишкерге өнөктөш болгон. Логистикалык борбор элдин каршылыгынан улам салынбай калган.

2021-жылы Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM