Connect with us

Бишкекте тартипти, тазалыкты көзөмөлдөгөн инспекция түзүлдү

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 211 | 0

Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлгөнү бүгүн, 14-февралда өткөн коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Жыйындын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мэрияга сатылып алынган техникаларды көрүп чыккан.

Техникалардын ичинен 11 электромобиль муниципалдык инспекцияга алынган. Ал көрктөндүрүү жана коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында уюштурулган.

Муниципалдык инспекция абанын тазалыгын, унаалардын экологияга тийгизген таасирин, жарандардын тазалыкты сактоо маселелерин караган укукка ээ.

Бүгүнкү күнгө бул инцпекциянын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде шаардагы жарандарга, ишканаларга 500 миң сом айып салганы айтылды.

Аны менен катар «Тазалык» сыяктуу бир катар муниципалдык ишканаларга да 40 даана техника жана жабдуулар алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM