Connect with us

Мугалимдерге ноутбук сатып алуу үчүн бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 370 | 0

Кыргызстандагы бардык мугалимдерге ноутбук берилет. Бул тууралуу «Спутник Кыргызстан» агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Орун басардын айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60%ы өздөрүнө ноутбук же компьютер сатып алышкан. Калган 40%ында заманбап жабдуу жок болгон.

Бул жагдайларды эске алган Министрлер кабинети быйыл бюджеттен 1,5 млрд сом бөлгөн.

«Ноутбуктарды сатып алууда мугалимдердин иш өзгөчөлүгү эске алынып, экрандын жарыгы, процессордун ылдамдыгы каралат. Техника биринчи кезекте STEM-предметтери (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) боюнча мугалимдерге берилет», — деген министрдин орун басары.

Ноутбуктардын биринчи партиясы апрель-май айларында берилет, калганы 1-сентябрда алышат. Учурда техниканы жеткирүү боюнча Кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM